# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-марты № 125-б (Республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн минералдык жер семирткичтер менен өз убагында камсыздоо үчүн аларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-марты № 125-б (Республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн минералдык жер семирткичтер менен өз убагында камсыздоо үчүн аларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 125-р
- Кабыл алынган күнү: 20.03.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.03.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207589>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7956/edition/514911/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207589.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.03.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-марты № 125-б (Республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн минералдык жер семирткичтер менен өз убагында камсыздоо үчүн аларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча) буйругу (20.03.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207589

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 20-марты № 125-б Республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн минералдык жер семирткичтер менен өз убагында камсыздоо үчүн аларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги минералдык жер семирткичтерди сатып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигин Кыргыз Республикасынын "2009-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга прогнозу жөнүндө" Мыйзамында каралган 30,0 млн.сом суммасында каржыласын.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

- минералдык жер семирткичтерди сатып алууну жана аларды облустар арасында бөлүштүрүүнү;

- облустук жана райондук мамлекеттик администрациялар менен бирге;

- минералдык жер семирткичтерди айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн арасында бөлүштүрүүнү.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 147 "Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык жана төлөө мөөнөтүн 2009-жылдын 1-декабрына чейин белгилөө менен зайымдык каражаттарды процентсиз колдонуу шартында кредиттик документтерди тариздесин.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
