Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүсү боюнча) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Кабинета Министров КР от 11 февраля 2022 года № 57-р (О признании утратившими силу распоряжения Правительства Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-02-11.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 13-марты № 114-б "Кыргыз Республикасында баңгиликтин жайылышына жана баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү Концепциясын жана 2010-жылга чейинки мезгилде баңгиликтин жайылышына жана баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук программасын бекитүү жнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 22-декабрындагы № 445 Жарлыгы менен бекитилген 2010-жылга чейинки мезгилде баңгиликтин жайылышына жана баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук программасынын аткарылышынын натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) түзүлсүн:
Орозалиев В.К. - Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин директорунун биринчи орун басары, жумушчу топтун жетекчиси; жумушчу топтун мүчөлөрү: Курманалиев С.У. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары; Жаманкулов М.Т. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу системасын реформалоо башкармалыгынын начальниги; Нишанов А.Т. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кубаев Б.Х. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; Борисова Т.В. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык наркология борборунун директорунун орун басары; Мамасадыков Р.А. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары; Суваналиев С.И. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын орун басары; Турусбеков Ч.К. - Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары; Касенов А.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
2. Жумушчу топ эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын тиешелүү долбоорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана киргизсин.
3. Жумушчу топко зарыл учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга, убактылуу эксперттик топторду түзүүгө уруксат берилсин.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери жумушчу топтун ишине көмөк көрсөтүшсүн, кадрдык өзгөрүүлөр болгон учурда жумушчу топтун мүчөлөрүн алмаштырууну камсыз кылышсын.
5. Топтун иш-аракетин уюштуруучулук, методикалык жана башка жагынан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигине жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Указ Президента КР от 22 декабря 2004 года УП № 445 "Об утверждении Концепции противодействию распространению наркомании и незаконному обороту наркотиков в Кыргызской Республике…Указ · 22.12.2004 · № 445
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарын күчүн жоготту деп таануу тууралуу) ТескемесиРаспоряжение · 11.02.2022 · № 57-р
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Национальная программа Кыргызской Республики по противодействию наркомании и незаконному обороту наркотиков на период до 2010 года (утверждена Указом Президента Кыргызской…Программа · 22.12.2004 · № 445
- Концепция противодействия распространению наркомании и незаконному обороту наркотиков в Кыргызской Республике ( Утверждена Указом Президента Кыргызской Республики от 22 декабря…Концепция · 22.12.2004 · № 445