КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларын акционерлештирүү механизмин иштеп чыгуу боюнча) буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 10-марты № 105-б Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамынын 47-статьясын ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларын акционерлештирүү механизмин иштеп чыгуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы менен бирдикте 2009-жылдын 15-майына карата Кыргызстандын эл аралык университетинин базасында мамлекеттик жогорку окуу жайларды акционерлештирүү механизмин ачып берүүчү методиканын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин.
2. Ишке тартылган көз каранды эмес эксперттерге акы төлөөгө байланышкан чыгымдар "Кыргызстандын эл аралык университети" окутуучу-илимий-өндүрүштүк комплекстин каражаттарынын эсебинен төлөнөөрү белгиленсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон