# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 1-мартындагы № 45 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 1-мартындагы № 45 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 01.03.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20756>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1706/edition/708921/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20756.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 1-мартындагы № 45 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (01.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20756

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2016-жылдын 1-марты № 45 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 25-февралындагы № 99 буйругу менен Баткен облусунун Лейлек районунун Сумбул айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Бекмуратов Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрация башчысы - акими болуп дайындалды. Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2016-жылдын 15-февралындагы № 34 буйругу менен Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Т.Тойчубеков, берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. Ошондой эле, Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2016-жылдын 25-февралындагы № 21 буйругу менен Санташ айыл өкмөтүнүн башчысы М.С.Алтыбаев, өлгөндүгүнө байланыштуу, ээлеген кызматынан бошотулган. Жогоруда баяндалгандардын негизинде жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен облусунун Лейлек районунун Сумбул, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач жана Ысык-Көл облусунун Түп районунун Санташ айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2016-жылдын 18-мартына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Лейлек, Аламүдүн жана Түп аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын орун басары А.Р.Джолбуновго жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов
