# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 84-б (Ташпаева Н.А. боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 84-б (Ташпаева Н.А. боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 84-р
- Кабыл алынган күнү: 03.03.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207554>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7922/edition/515069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207554.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 84-б (Ташпаева Н.А. боюнча) буйругу (11.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207554

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ 2009-жылдын 3-марты № 84-б

Н.А.Ташпаеванын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулгандыгына жана анын Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалганына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, 10-беренесинин 2-пунктуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ташпаева Назгүл Аскеровнанын талапкерлиги Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлиги бутагынан өкүл катары Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңештин курамына киргизүү үчүн жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-июлундагы № 371-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункттагы "Ташпаева Назгүл Аскеровна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы" деген позиция алып салынсын.

3. Бул буйрук Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберилсин.

Премьер-министр

И.Чудинов
