Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Бажылык тариздөө жана бажы контролун жүргүзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети менен Федералдык бажы кызматынын (Россиянын ФБКсы) ортосундагы протоколдун долбооруна макулдук берүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 3-марты № 80-б Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана Россия Федерациясынын аймагына ташылып кирген товарларды маалымат алмашууну пайдалануу менен бажылык тариздөө жана бажы контролун жүргүзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети менен Федералдык бажы кызматынын (Россиянын ФБКсы) ортосундагы протоколдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүнчүлүгү менен макулдук берилсин.
Премьер-министр
И.Чудинов
Долбоор
Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана Россия
Федерациясынын аймагына ташылып кирген товарларды маалымат
алмашууну пайдалануу менен бажылык тариздөө жана бажы
контролун жүргүзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик бажы комитети менен Федералдык бажы
кызматынын (Россиянын ФБКсы) ортосундагы
ПРОТОКОЛ
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети жана Федералдык бажы кызматы (Россиянын ФБКсы) (Мындан ары - Тараптар) 2007-жылдын 12-октябрындагы жана 2008-жылдын 7-октябрындагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык Россия-Кыргыз комиссиясынын тогузунчу жана онунчу отурумдарынын протоколдоруна ылайык, 1995-жылдын 20-январындагы Бажылык бирлик жөнүндө Макулдашууга негизденип, 2000-жылдын 17-февралындагы Бажылык бирликке катышуучу-мамлекеттердин бажы органдарынын ортосунда өткөрүлүүчү товарларга жана транспорт каражаттарына бажы контролун жүргүзүү тууралуу протоколдун жоболорун жетекчиликке алып, 2008-жылдын 9-октябрындагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда өз ара соодада товарларды өткөрүү жана аларды бажылык тариздөө тууралуу маалымат алмашууну уюштуруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети менен Федералдык бажы кызматынын (Россиянын ФБКсы) ортосундагы протоколдун жоболоруна таянып, Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана Россия Федерациясынын аймагына ташылып кирген товарларды бажылык тариздөө жана бажы контролун жүргүзүүдө Тараптардын өз ара аракетинин майнаптуулугун жогорулатуу максатында, төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене.
Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана Россия Федерациясынын аймагына ташылып кирген товарларды маалымат алмашууну пайдалануу менен бажылык тариздөө жана бажы контролун жүргүзүү ушул Протоколдун тиркемесинде камтылган, анын бөлүнгүс бөлүгү болгон Технологиялык схемада каралган тартипте Тараптар тарабынан жүргүзүлөт.
2-берене.
Тараптардын макулдугу менен бул Протоколго өзүнчө протоколдор менен таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
3-берене.
Бул Протокол кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Тараптардын ар бири бул Протоколдун колдонуусун экинчи Тарапка анын колдонулушу токтотулуучу күнгө чейин алты ай мурун өзүнүн ниети тууралуу кат түрүндө кабарлоо менен токтото алат. ________________ шаарында 200-__жылдын "___" ____________ ар бири орус жана кыргыз тилдеринде эки түп нускада түзүлдү, эки текст тең бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Федералдык бажы Мамлекеттик бажы кызматы үчүн комитети үчүн (Россиянын ФБКсы)
Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана Россия Федерациясынын аймагына ташылып кирген товарларды маалымат алмашууну пайдалануу менен бажылык тариздөө жана бажы контролун жүргүзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети менен Федералдык бажы кызматынын (Россиянын ФБКсы) ортосундагы протоколго тиркеме
ТЕХНОЛОГИЯЛЫК СХЕМА
I. Жалпы жоболор
1. Технологиялык схеманын максаты маалымат алмашууну пайдалануу менен Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн жана Россия Федерациясына экспорттолгон товарларды бажылык тариздөө жол-жоболорун өркүндөтүү жана жөнөкөйлөтүү болуп саналат.
2. Технологиялык схема Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин (мындан ары - Кыргыз Республикасынын БК), Россия Федерациясынын Бажы кодексинин (мындан ары - Россия Федерациясынын БК), Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыкты.
3. Технологиялык схеманы пайдалануу менен өткөрүлгөн товарлардын номенклатурасы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети (Кыргыз Республикасынын МБКсы) жана Федералдык бажы кызматы (Россиянын ФБКсы) менен кошумча макулдашылат.
4. Технологиялык схемада Кыргыз Республикасынын бажы органы деп Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети (Кыргыз Республикасынын МБКсы) жана Кыргыз Республикасынын башка бажы органдары, Россия Федерациясынын бажы органы деп Федералдык бажы кызматы (Россиянын ФБКсы) жана Россия Федерациясынын башка бажы органдары түшүнүлөт.
Ушул Технологиялык схемада пайдаланылган калган терминдердин мааниси Кыргыз Республикасынын БКсында жана Россия Федерациясынын БКсында пайдаланылган түшүнүктөрдүн маанисине шайкеш келет.
II. Товарлар Россия Федерациясынын бажы аймагына жөнөтүлгөнгө чейин Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын бажы органдары тарабынан жүргүзүлүүчү маалымат алмашуу боюнча иш чаралар
5. Кыргыз Республикасынын МБКсы Россия Федерациясынын бажы аймагына ташып кирүү пландаштырылган жана өндүргөн өлкө Кыргыз Республикасы болуп эсептелген, Технологиялык схеманын 3-пунктунда көрсөтүлгөн өткөрүлүүчү товарлар тууралуу маалыматты Россиянын ФБКсына берүүнү камсыз кылат.
Бул маалыматтар үлгүлөрү Кыргыз Республикасынын МБКсы тарабынан Россиянын ФБКсына берилген бажылык идентификациялоо каражаттары менен күбөлөндүрүлөт.
6. Маалымат төмөнкү шарттар бир убакта сакталган учурда берилет:
экспортточу-уюм товар өндүрүүчү же анын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эсептелет; экспорттоочу-уюм Кыргыз Республикасында катталган; товар үчүн акы төлөнгөн банктык эсеп Кыргыз Республикасында катталган банкта (филиалында) ачылган; экспорттоочу-уюм товарларды Россия Федерациясына үчүнчү жактардын катышуусусуз (ыйгарым укуктуу өкүлүнөн тышкары) жеке өзүнүн атынан сатат; Кыргыз Республикасынын МБКсына экспорттоочу-уюм Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан күбөлөндүрүлгөн өткөрүлүп жаткан товарлар тууралуу баа маалыматын кагаз жүзүндө берет. Ошол эле убакта Технологиялык схеманын N 1 тиркемесинде келтирилген форма боюнча "Баа маалыматы" электрондук файлы берилет. Берилүүчү баа маалыматына карата талаптар Технологиялык схеманын N 2 тиркемеси менен белгиленген; Кыргыз Республикасынын МБКсына экспорттоочу-уюм уставдык уюштуруу документтердин көчүрмөсүн берет; Кыргыз Республикасынын МБКсына экспорттоочу-уюм тышкы соода контрактынын көчүрмөсүн берет.
7. Кыргыз Республикасынын МБКсы Технологиялык схеманын 6-пункту менен белгиленген берилүүчү маалыматтарга жана документтерге Россиянын ФБКсына жиберилген үлгүлөргө дал келген бажылык идентификациялоо каражаттарын коет жана документтерди Россиянын ФБКсына алдын ала белгилүү товардык жеткирүү күнүнө чейин 15 жумушчу күндөн кечиктирбей жөнөтөт.
8. Россиянын ФБКсы 15 жумушчу күндүн ичинде Технологиялык схеманын 7-пунктуна ылайык келип түшкөн маалыматты талдоо жана тобокелдикти баалоо методдорун пайдаланууну менен бирге маалыматтын жетиштүүлүгүн жана тактыгын талдайт жана Кыргыз Республикасынын МБКсын аны пайдалануу мүмкүндүгү тууралуу маалымдайт.
Эгер Россиянын ФБКсы талдоо жана тобокелдикти баалоо методдорун пайдалануунун жыйынтыгында Россия Федерациясынын бажы мыйзамдарын сактабоо тобокелдиги жогорку деңгээлде экенин белгилесе же берилген маалымат жетишээрлик эмес экени жана так эмес экенин белгилесе Россиянын ФБКсы Кыргыз Республикасынын МБКсын Технологиялык схеманын жоболорун пайдалануу үчүн ал маалыматтарды колдонуу мүмкүн эместиги тууралуу маалымдайт.
9. Технологиялык схеманын 7-пунктуна ылайык берилген маалыматты талдоо жүргүзүлгөндөн кийин Россиянын ФБКсы Технологиялык схемага ылайык өткөрүлүп жаткан товарлардын бажы наркын контролдоо үчүн, товарларды бажылык тариздөө жүргүзүп жаткан Россия Федерациясынын бажы органдарына баалык маалыматты жеткирүү тууралуу чечим кабыл алат.
III. Товарларды декларациялоодо Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын бажы органдарынын аракеттери
10. Технологиялык схеманы пайдалануу менен өткөрүлүп жаткан товарларды декларациялоодо Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдары төмөнкү аракеттерди жасашат:
Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан чыгарылып жаткан товарларды ассортименттик деңгээлде аларды идентификациялоо максатында бажылык кароо, товарларды өндүргөн өлкөнү тактаган, товар коштоочу документтерде камтылган маалыматтардын тактыгына жана ЕврАзЭКтин ТЭИ ТНге ылайык классификациялануусунун тууралыгына текшерүү жүргүзөт; товарларды ташууда аларга жетүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган, Россия Федерациясынын бажы органдарына кошумча жеткирилген үлгүлөргө дал келген бажылык идентификациялоо каражаттарын коюшат; экспортточу-уюм тарабынан берилген товарды коштоочу документтерде, товарларды жеткирүү боюнча жыйынды документтерде (Технологиялык схеманын N 3 тиркемеси) камтылган маалыматтардын тактыгын текшерет; Россия Федерациясынын бажы органдарына сейф-пакеттерде (же элект- рондук документтер формасында корголгон электрондук байланыш каналдары боюнча) Россия Федерациясынын бажы органдарына кошумча жеткирилген үлгүлөргө дал келген бажылык идентификациялоо каражаттары менен күбөлөндүрүлгөн төмөнкү документтерди жөнөтөт:
- бажылык кароо актысынын көчүрмөсү;
- эсеп-фактурасы (инвойс);
- экспорттук бажы декларациясынын көчүрмөсү;
- таңгактоо барагы;
- товар жеткирүү боюнча жыйынды маалыматтар;
- сейф-пакеттеги документтердин тизмеси.
11. Технологиялык схеманы пайдалануу менен өткөрүлгөн товарларды бажылык тариздөөдө Россия Федерациясынын бажы органынын кызмат адамдары төмөнкү аракеттерди жасашат:
Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан коюлган, товарларды ташууда аларга жетүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган, Россия Федерациясынын бажы органдарына кошумча жеткирилген үлгүлөргө дал келген бажылык идентификациялоо каражаттарынын бар экенин жана бүтүндүгүн текшеришет; сейф-пакеттер менен жиберилүүчү документтердеги Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамдары тарабынан коюлган бажылык идентификациялоо каражаттарын текшеришет жана аларда камтылган маалыматтарды бажы декларациясындагы маалыматтар менен салыштыруу жүргүзүшөт; Технологиялык схеманын 9-пунктуна ылайык жөнөтүлгөн өткөрүлүүчү товарлардын толук ассортиментине карата баа маалыматынын бар экенин текшеришет, наркы тууралуу маалыматты текшерүүнү жүргүзүшөт; зарыл болгондо бажы контролунун кошумча формаларын жана тобокелдикти башкаруу системасында каралган учурларда тобокелдикти минималдаштыруу боюнча чараларды колдонушат.
Технологиялык схемага № 1 тиркеме
БАА МААЛЫМАТЫ(*)
Файлдын сунушталган аталышы: "Өндүрүүчүнүн аталышы"_ЖЖЖЖААКК, мында ЖЖЖЖААКК - нарк тууралуу маалымат берүү күнү
| Атрибуттун аталышы | Маанисинин тиби | Милдеттүү толтуруунун белгилери | Excel файлдын колонкасы | Эскертүү |
|---|---|---|---|---|
| Өндүрүүчү/Товардык белгинин ээси | Символдуу (50) | Ооба | Лист1. А1 | |
| Аракеттердин башталган күнү | Форматтын күнү dd.mm.yyyy | Ооба | Лист1.В1 | |
| Аракеттер аяктаган күн | Форматтын күнү dd.mm.yyyy | Ооба | Лист1 С1 | |
| Товардык белги | Символдуу (50) | Ооба | Лист2А1 | |
| Жеткирүү шарты | Символдуу (3) | Ооба | Лист2.J1 | Пайдаланылган маанилер: "Код" тилкеси Жеткирүү шарттарынын классифи- каторунан (Россиянын ФБКсынын 08.08. 2006-жылдагы N 743 буйругу) |
| Товар жеткирилүүчү пункттун аталышы | Символдуу (40) | Ооба | Лист2.K1 | |
| Валюта | Символдуу (3) | Ооба | Лист2. L1 | Пайдаланылган маанилер: "Валютанын тамгалык коду" Валюталардын жалпы россиялык классификатор (РФнын Өкмөтүнүн 2000-ж. 25-декабрын- дагы N 405-ст. токтому) |
| Товардын түрү(**) | Символдуу (50) | Ооба | Лист2.В1 | |
| Товардын модели, артикулу(**) | Символдуу (50) | Ооба | Лист2.С1 | |
| Ченем бирдиги(**) | Символдуу (3) | Ооба | Лист2.D1 | Пайдаланылган маанилер: "Ченем бирдигинин коду" тилкеси Ченем бирдиги классификато- рунан (РФнын Өкмөтүнүн 2003-ж. 10-ноябрын- дагы N 677 токтому) |
| Нетто салмагы(**) | Сандуу (19.6) | Лист2.Е1 | ||
| Брутто салмагы(**) | Сандуу (19.6) | Лист2.F1 | ||
| Товардын сапаттык мүнөздөмөсүнүн сүрөттөлүшү(**) | Символдуу (255) | Ооба | Лист2.Н1 | |
| Товардын сапаттык мүнөздөмөсүнүн сүрөттөлүшү (чет тилде)(**) | Символдуу (255) | Лист2.11 | ||
| ТЭИТНден товардын коду (10 белги) (**) | Символдуу (10) | Лист2М1 | ТЭИТНге ылайык товардын коду | |
| Товардын бирдигинин баасы (**) | Сандуу (16.2) | Ооба | Лист2.N1 |
(*) - товардын наркы тууралуу маалыматтардын курамынын жана түзүмүнүн сүрөттөлүшү. (**) - товардын (моделдин, артикулдун) ар бир аталышы үчүн өзүнчө толтурулат.
Технологиялык схемага № 2 тиркеме
Берилүүчү баа маалыматына карата
ТАЛАПТАР
Товарларды экспорттоочу-уюмдун баа маалыматы Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан күбөлөндүрүлөт. Экспорттоочу-уюм "Баа маалыматы" электрондук файлын Технологиялык схеманын N 1 тиркемесинде белгиленген форма боюнча түзөт. Баа маалыматы милдеттүү түрдө төмөнкү маалыматтарды камтышы керек: товардын сүрөттөлүшү (аталышы, техникалык мүнөздөмөлөрү, модели, артикулу), Инкотермс-2000ге ылайык жеткирүү шарттары, эсептелген валютанын аталышын көрсөтүү менен товардын бирдигинин наркы, товардын бирдигинин салмагы, товарлардын наркынын башталуу жана аяктоо мөөнөттөрү. Баа маалыматы электрондук түрдө жана кагаз жүзүндө Россия Федерациясынын бажы органдарына берүү үчүн Кыргыз Республикасынын бажы органына берилиши керек. Товарлардын баасынын мөөнөтү аяктагандан кийин жаңыланган баа маалыматы баалардын деңгээлинин өзгөрүшүнө карабай толук ассортиментти, моделдик катарды эске алуу менен берилет. Ошол эле убакта камсыздандыруу, ташуу, жеткирүү боюнча чыгымдардын чоңдугу жөнүндө так маалымат жана тышкы соода келишимдин шарттары менен EXWден (Франко-завод) башкача жеткирүү шарттары белгиленген учурда бүтүмдүн акыркы баасына түздөн-түз таасир эткен башка маалыматтар берилет.
Технологиялык схемага № 3 тиркеме
Товарларды жеткирүү боюнча жыйынды
МААЛЫМАТТАР
Экспорттоочу-уюмдун (өндүрүүчүнүн) аталышы Алуучунун аталышы Тышкы соода контрактынын маалым даректери (күнү жана номери) Спецификациянын маалым даректери (күнү жана номери) Эсептин маалым даректери (инвойстун) (күңү жана номери) Товардык транспорттук коштомо кагаздын маалым дареги (күнү жана номери) Инкотермске ылайык жеткирүү шарттары Товарларды жеткирүүнүн наркы
| Жүк- түк орун- дун но- мери | Спе- цифи- ка- ция- дагы N | ТЭИТН- дин 10 белги дең- гээл- индеги товар- дын коду | Товар- дын ата- лышы, моде- лин жана арти- кулун көр- сөтүү менен анын сапат- тык мүнөз- дөмөсү (кура- мы) | Соода марка- сынын аталы- шы | Нетто сал- магы (кг) | Брутто салма- гы (кг) | Ченем бир- диги менен саны (даа- на) | Ченем бир- диги- нин ата- лышы | То- вар- лар- дын наркы (ва- люта) | Ченем бир- диги үчүн эсеп- те- ген- деги наркы (даа- насы- на) |
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 |
| 1 | ||||||||||
| 2 | ||||||||||
| 3 | ||||||||||
| Бар- дыгы |
(*) маалыматтар ар бир товардык жеткирүү үчүн берилет жана ассортименттик деңгээлде деталдаштырылган (артикул, модель).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Соглашение о Таможенном союзе ( Кыргызская Республика присоединилась к Соглашению Договором от 29 марта 1996 года)Соглашение · 20.01.1995
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон