# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-февралындагы № 64-б (Өкмөттүк делегациясы бекитилүүсү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-февралындагы № 64-б (Өкмөттүк делегациясы бекитилүүсү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 64-р
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207540>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7908/edition/565035/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207540.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-февралындагы № 64-б (Өкмөттүк делегациясы бекитилүүсү боюнча) буйругу (19.02.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207540

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 19-февралы № 64-б Москва шаарында (Россия Федерациясы) 2009-жылдын 24-26-февралында болуучу ЕврАзЭСтин алдындагы Туруктуу өкүлдөр комиссиясынын 53-заседаниесине, ЕврАзЭСтин Интеграциялык комитетинин 43-заседаниесине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин: Узакбаев Эмилбек(\*\*) - Кыргыз Республикасынын Президентинин КМШ жана ЕврАзЭС алкагында интеграциялык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, делегациянын жетекчиси (макулдашуу боюнча); Аттакуров Раимкул Арзимаматович - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси; Жапаров Акылбек Үсөнбекович(\*\*)- Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри; Усупов Үсөн Макаевич(\*)- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ЕврАзЭС маселелери боюнча кеңешчиси; Дооталиев Улан Тимурович(\*)- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн референти; Рец Татьяна Борисовна(\*)- Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин тышкы-экономикалык байланыштар башкармалыгынын начальниги; Кочконов Казыбек Маматкасымович(\*)- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин биринчи секретары; Сыдыков Данияр Батырович - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кеңешчиси.

2. Москва шаарында (Россия Федерациясы) 2009-жылдын 27-февралында болуучу КМШнын бизнес лидерлеринин "Биригүү - өнүгүүнүн стратегиясы" форумуна катышуучулар төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

Узакбаев Эмилбек(\*\*) - Кыргыз Республикасынын Президентинин КМШ жана ЕврАзЭС алкагында интеграциялык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, делегациянын жетекчиси (макулдашуу боюнча); Аттакуров Раимкул Арзимаматович - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси; Жапаров Акылбек Үсөнбекович(\*\*)- Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри; Салымбеков Аскарбек Мааткабылович(\*\*\*)- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); Алканов Райкан Алканович(\*\*\*)- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин министринин кеңешчиси; Кожоев Кубанычбек Шералиевич(\*\*\*)- Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы соода өкүлү; Пономарев Сергей Васильевич(\*\*\*)- Кыргыз Республикасынын Базарлар, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү ассоциациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); Жумагулов Арстан Дүйшөнбаевич(\*\*\*)- "Кыргызайылкөмөк" акционердик корпорациясынын башкы директору; Беков Төрөгул Ниязович(\*\*\*)- Кыргыз Республикасынын Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун директору (макулдашуу боюнча); Турсунбеков Чыныбай Акунович(\*\*\*)- Кыргызстандын Ишкерлер союзунун төрагасы, "Акун" ЖАКынын башкы директору (макулдашуу боюнча); Ардамина Любовь Викторовна(\*\*\*)- "Союзтекстиль" ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча); Якименко Виктор Андреевич - "Бактон Трейдинг ЛТЗ" компаниясынын президенти (макулдашуу боюнча); Жунус уулу Адыл(\*\*\*) - "Кроран" ЖЧКсынын башкы директору (макулдашуу боюнча); Турсун кызы Туран(\*\*\*) - "Шин Де Ли" ЖЧКсынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); Кыдырбаев Улук Асанкарыевич(\*\*\*)- Бишкек ишкер клубунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча).

3. Делегация мүчөлөрүнүн көрсөтүлгөн иш-чараларга катышуусуна байланыштуу чыгымдар "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

Эскертүү: (\*) командировка мөөнөтү 2009-жылдын 23-27-февралы (ЕврАзЭСтин алдындагы Туруктуу өкүлдөр комиссиясынын жана ЕврАзЭСтин Интеграциялык комитетинин заседаниелерине катышуу); (\*\*) командировка мөөнөтү 2009-жылдын 25-28-февралы (ЕврАзЭСтин алдындагы Туруктуу өкүлдөр комиссиясынын, ЕврАзЭСтин Интеграциялык комитетинин заседаниелерине жана КМШнын бизнес лидерлеринин "Биригүү өнүгүүнүн стратегиясы" форумуна катышуу); (\*\*\*) командировка мөөнөтү 2009-жылдын 26-28-февралы (КМШнын бизнес лидерлеринин "Биригүү - өнүгүүнүн стратегиясы" форумуна катышуу).

Премьер-министр

И.Чудинов
