# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-февралындагы № 56-б (Конкурстук комиссия түзүлүшү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-февралындагы № 56-б (Конкурстук комиссия түзүлүшү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 56-р
- Кабыл алынган күнү: 12.02.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207533>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7901/edition/515034/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207533.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-февралындагы № 56-б (Конкурстук комиссия түзүлүшү боюнча) буйругу (12.02.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207533

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 12-февралы № 56-б "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык, "Кара-Кече" күрөң көмүр кенин комплекстүү жана сарамжалдуу өздөштүрүүгө инвестицияларды тартуу максатында:

1. Төмөнкүдөй курамда конкурстук комиссия (мындан ары - комиссия) түзүлсүн:

Курманалиев К.З. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, комиссиянын төрагасы; Түмөнбаев А.Р. - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары; комиссия мүчөлөрү: Бакашов М.А. - Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары; Жумалиев К.Н. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнүн башчысы; Камчыбеков Д.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы; Какитаев К.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин Кен пайдалануу боюнча мамлекеттик инспекциясынын начальниги, комиссиянын катчысы; Мамбеталиева Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; Мамаев К.А. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы; Муканбетов С.Т. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары.

2. Комиссия эки жумалык мөөнөттө:

- конкурс өткөрүүнүн шарттарын жана тартибин иштеп чыксын жана бекитсин;

- "Кара-Кече" күрөң көмүр кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна боло турган конкурс жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
