Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгы өткөрү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 12-февралы № 55-б Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы 20-февралды "Социалдык адилеттүүлүктүн бүткүл дүйнөлүк күнү" деп жарыялагандыгына байланыштуу жана калктын социалдык аялуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүү максатында:
1. 2009-жылдын 20-февралынан 20-мартына чейин социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгы өткөрүлсүн.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары төмөнкүлөрдү кароо менен ушул буйруктун 1-пунктунан келип чыгуучу иш-чараларды иштеп чыгышсын, бекитишсин жана жүзөгө ашырышсын:
- теле жана радиоберүүлөр цикли аркылуу социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгын жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу боюнча кеңири маалыматтык кампания жүргүзүүнү;
- социалдык-экономикалык маселелерди талкуулоо жана аларды чечүү боюнча тиешелүү чараларды керүү үчүн калк, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдар менен жолугушууларды уюштурууну жана өткөрүүнү;
- калктын социалдык жактан корголбогон катмарына социалдык колдоо жана бир мезгилдүү материалдык жардам көрсөтүү максатында кайрымдуулук акцияларын жүргүзүүнү;
- аз камсыз болгон улгайган адамдарга акысыз негизде тиричиликтик, медициналык жана юридикалык кызматтарды көрсөтүүнү;
- мектеп-интернаттарга, интернат-үйлөргө социалдык жактан колдоо көрсөтүүнү;
- калктын жакыр катмарына социалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасында кайрымдуулук иштерин жүргүзүүчү юридикалык жана жеке жактарды тартууну.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясына, "Слово Кыргызстана", "Кыргыз Туусу" жана "Эркин Тоо" газеталарынын редакцияларына облустарда жана Бишкек жана Ош шаарларында Социалдык адилеттүүлүк күнүнө даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн жүрүшүн чагылдыруу сунушталсын.
4. Бул буйрукту ишке ашырууга байланыштуу чыгымдар 2009-жылга министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлсүн.
5. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 2009-жылдын 1-апрелине чейин социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгы боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине беришсин.
6. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 2009-жылдын 10-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жалпыланган маалымат берсин.
7. Бул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
8. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.