# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-январы № 35-б (Ибраимовга Э.С. ишеним кат берүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-январы № 35-б (Ибраимовга Э.С. ишеним кат берүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 35-р
- Кабыл алынган күнү: 30.01.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.01.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207519>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7887/edition/515007/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207519.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.01.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-январы № 35-б (Ибраимовга Э.С. ишеним кат берүү боюнча) буйругу (30.01.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207519

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 30-январы № 35-б

1. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Ибраимов Эрмек Султанович жаран М.М.Иванованын Чогуу алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү Америка Кошмо Штаттарынын Элчилигинин 2001-жылдын 4-декабрындагы № 542 нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2001-жылдын 5-декабрындагы № 011-22/1623 жооп нотасынын 4, 9 жана 11-абзацтарын конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 1-пунктуна, 7-беренесине, 12-беренесинин 1 жана 2-пункттарына, 13-беренесинин 1-пунктуна, 14-беренесинин 1 жана 2-пункттарына, 18-беренесинин 1-пунктуна, 21-беренесинин 4-пунктуна каршы келет деп эсептөө жөнүндө өтүнүчү боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун заседаниелеринде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.

2. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Ибраимов Эрмек Султановичке ишеним кат берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 18-декабрындагы № 659-б буйругуна ылайык Кыдыров Таалайбек Тургумбаевичке берилген ишеним кат кайра алынсын.

Премьер-министр

И.Чудинов
