Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Ведомстволор аралык комиссия түзүлүшү боюнча) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Кабинета Министров КР от 11 февраля 2022 года № 57-р (О признании утратившими силу распоряжения Правительства Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-02-11.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 27-январы № 31-б Ыктыярдуу жана милдеттүү патенттин негизинде салык ставкасын жана Ыктыярдуу патенттин негизинде ишке ашырылуучу ишкердиктин түрлөрүнүн тизмесин кароо максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы, комиссиянын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика, бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнөр жайды, сооданы, туризмди, чакан, орто бизнести, транспортту, коммуникацияларды, курулушту жана архитектураны өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча),
- "Ак-Жол" элдик партиясы фракциясынан депутат (макулдашуу боюнча);
- Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясы фракциясынан депутат (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Инвестициялык кеңештин эксперти;
- Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары;
- Кыргызстандын базарлар, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
- "Легпром" ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргызстандын ишкерлер бирлигинин аткаруучу директору.
2. Ведомстволор аралык комиссия бир жумалык мөөнөттө ыктыярдуу жана милдеттүү патенттин негизинде салык ставкасы жана Ыктыярдуу патенттин негизинде ишке ашырылуучу ишкердиктин түрлөрүнүн тизмеси боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарын күчүн жоготту деп таануу тууралуу) ТескемесиРаспоряжение · 11.02.2022 · № 57-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 145 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы N 733 "Ишкердиктин түрлөрү боюнча ыктыярдуу…Постановление · 03.03.2009 · № 145 · Күчүн жоготкон