# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы № 25-б (Автомашинаны өткөрүп берүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы № 25-б (Автомашинаны өткөрүп берүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 25-р
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.01.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207510>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7878/edition/514988/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207510.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы № 25-б (Автомашинаны өткөрүп берүү боюнча) буйругу (24.01.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207510

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ 2009-жылдын 24-январы № 25-б "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролун күчөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы № 543 жарлыгына жана "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин кызматтык автотранспорт каражаттарын этабы менен жаңыртуу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилигинин балансынан эксплуатациялоонун мөөнөтүн өтөп бүткөн 2002-жылы чыккан, техпаспорт № CL998 430, кузов № WDВ2201671А338863 "Мерседес Бенц-320" маркасындагы автомашина Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин "Кыргыздипсервис" дипломатиялык сервис мамлекеттик ишканасынын балансына өткөрүп берилсин.

2. Ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автомашинаны ташып келүү жана тариздөө менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин "Кыргыздипсервис" дипломатиялык сервис мамлекеттик ишканасынын каражаттарынын эсебинен төлөнсүн.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
