# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 25-февралындагы № 39 "Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 25-февралындагы № 39 "Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 25.02.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.02.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20750>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1704/edition/711825/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20750.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.02.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 25-февралындагы № 39 "Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (25.02.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20750

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2016-жылдын 25-февралы № 39 Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2016-жылдын 4-февралындагы № 14/1 буйругу менен Савай айыл өкмөтүнүн башчысы А.И.Айткурбанов, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2016-жылдын 15-мартына дайындалсын жана саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону мыйзамдарда белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисинин орун басары А.Р.Джолбуновго жүктөлсүн.

Төрага

Т. Абдраимов
