# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-сентябрындагы № 500-б (Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын алдындагы Илимий-техникалык кеңеш жөнүндө жобо бекитилүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-сентябрындагы № 500-б (Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын алдындагы Илимий-техникалык кеңеш жөнүндө жобо бекитилүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 500-р
- Кабыл алынган күнү: 07.09.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207497>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7866/edition/526111/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207497.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-сентябрындагы № 500-б (Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын алдындагы Илимий-техникалык кеңеш жөнүндө жобо бекитилүү тууралуу) буйругу (01.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207497

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июнундагы № 197-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 7-сентябры № 500-б

1. Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын алдындагы Илимий-техникалык кеңеш тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын алдындагы Илимий-техникалык кеңеш жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-сентябрындагы № 500-б буйругуна тиркеме

Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын алдындагы Илимий-техникалык кеңешинин КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын алдындагы Илимий-техникалык кеңешинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология илимий-изилдөө институтунун директору; Кыргыз-Россия Славян университетинин "Өзгөчө кырдаалдарда коргоо" кафедрасынын башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин Комплекстүү инженердик-гидрогеологиялык экспедициянын гидрогеологу; Кыргыз Республикасынын Жер титирөөгө туруктуу курулуш илимий-изилдөө долбоорлоо институтунун директору; Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геомеханика жана жер казыналарын өздөштүрүү илимий-изилдөө институтунун директору; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо институтунун директору; Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Калдык сактоочу жайлардагы өзгөчө кырдаалдарды мониторингдөө, болжолдоо департаментинин директору; Борбор Азиялык Жерди изилдөө институтунун тең директору; Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын Геология илимий-изилдөө институтунун директору; Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин ишти мобилизациялоо жана жарандык коргонуу боюнча секторунун начальниги; Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тышкы байланыштар жана инвестициялар башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын "Геоприбор" илимий-инженердик борбордун директору.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр

Н.Айтмурзаев
