Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын алдындагы Илимий-техникалык кеңеш жөнүндө жобо бекитилүү тууралуу) буйругу
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июнундагы № 197-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 7-сентябры № 500-б
1. Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын алдындагы Илимий-техникалык кеңеш тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын алдындагы Илимий-техникалык кеңеш жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-сентябрындагы № 500-б буйругуна тиркеме
Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын алдындагы Илимий-техникалык кеңешинин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын алдындагы Илимий-техникалык кеңешинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология илимий-изилдөө институтунун директору; Кыргыз-Россия Славян университетинин "Өзгөчө кырдаалдарда коргоо" кафедрасынын башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин Комплекстүү инженердик-гидрогеологиялык экспедициянын гидрогеологу; Кыргыз Республикасынын Жер титирөөгө туруктуу курулуш илимий-изилдөө долбоорлоо институтунун директору; Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геомеханика жана жер казыналарын өздөштүрүү илимий-изилдөө институтунун директору; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо институтунун директору; Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Калдык сактоочу жайлардагы өзгөчө кырдаалдарды мониторингдөө, болжолдоо департаментинин директору; Борбор Азиялык Жерди изилдөө институтунун тең директору; Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын Геология илимий-изилдөө институтунун директору; Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин ишти мобилизациялоо жана жарандык коргонуу боюнча секторунун начальниги; Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тышкы байланыштар жана инвестициялар башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын "Геоприбор" илимий-инженердик борбордун директору.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр
Н.Айтмурзаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын алдындагы Илимий-техникалык кеңеш жөнүндө ЖОБОПоложение · 07.09.2009
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июнундагы № 197-б (Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын алдындагы Илимий-техникалык кеңеши боюнча) буйругуРаспоряжение · 01.06.2011 · № 197-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июнундагы № 197-б (Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын алдындагы Илимий-техникалык кеңеши боюнча) буйругуРаспоряжение · 01.06.2011 · № 197-р · Күчүн жоготкон