Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Унду сатуу боюнча) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Правительства КР от 12 февраля 2010 года № 44-р (О реализации муки)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2010-02-12.
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы № 44-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 25-декабры № 721-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-сентябрындагы № 483-б буйругуна ылайык иштелип чыгарылган унду сатуу жана 2010-жылдын 1-январынан баштап коммуналдык кызматтарга тарифтер жогорулатылганына байланыштуу өлкөнүн ички рыногунда ундун баасын 2009-жылдын деңгээлинде кармоо, ошондой эле Россия Федерациясынан келген гуманитардык ундун сактоо мөөнөтү өтүп кетишин болтурбоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-сентябрындагы № 483-б буйругуна ылайык иштелип чыгарылган, ГОСТ 26574-85 "Нан жасачу буудай ундун" талаптарына жооп берүүчү, 1-сорттогу 13545 тонна унду, 2-сорттогу 1935 тонна унду, ошондой эле Россия Федерациясынан гуманитардык жардам катары келген 4372 тонна 1-сорттогу унду "Кыргызагроазык-түлүк корпорация" ААКга өткөрүп берсин.
2. "Кыргызагроазык-түлүк корпорация" ААК:
- алынган 19852 тонна унду өлкөнүн ички рыногунда рыноктук наркынан 10 процентке чейин арзан баада сатсын;
- түшкөн каражатка өлкөнүн ички рыногунан ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдөн ГОСТ 9353-90 "Буудай. Камдоодогу жана жабдуу-берүүдөгү талаптарга" жооп берген, сапаты боюнча 3-класстан төмөн эмес аштык буудайды сатып алган учурга карата рыноктук баа боюнча сатып алсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна 2010-жылдын 1-ноябрына чейин өткөрүп берсин;
- гуманитардык унду сатуудан түшкөн акча каражатты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин өзүнчө эсебине которуп, калктын социалдык жактан аялуу катмарларын колдоо программасы берилгенден кийин аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигине берсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-сентябрындагы № 483-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-октябрындагы № 564-б буйругу.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна жана "Кыргызагроазык-түлүк корпорация" ачык акционердик коомуна жүктөлсүн.
Премьер-министр
Д. Үсөнов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы № 44-б (Унду брондон чыгарып, карыз катарында мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун жооптуу сактоочуларына жана башка чарба…Распоряжение · 12.02.2010 · № 44-р
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-сентябрындагы № 483-б (Буудай данын белгиленген тартипте брондон чыгарсын жана ун тартып кийин аны аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө сатуу тууралуу) буйругуРаспоряжение · 01.09.2009 · № 483-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-октябрындагы № 564-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-сентябрындагы № 483-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү…Распоряжение · 06.10.2009 · № 564-p · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы № 44-б (Унду брондон чыгарып, карыз катарында мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун жооптуу сактоочуларына жана башка чарба…Распоряжение · 12.02.2010 · № 44-р
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-сентябрындагы № 483-б (Буудай данын белгиленген тартипте брондон чыгарсын жана ун тартып кийин аны аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө сатуу тууралуу) буйругуРаспоряжение · 01.09.2009 · № 483-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-октябрындагы № 564-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-сентябрындагы № 483-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү…Распоряжение · 06.10.2009 · № 564-p · Күчүн жоготкон