# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы № 474-б (Автоунаа сатып алуу тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы № 474-б (Автоунаа сатып алуу тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 474-р
- Кабыл алынган күнү: 27.08.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.08.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207476>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7846/edition/513952/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207476.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.08.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы № 474-б (Автоунаа сатып алуу тууралуу) буйругу (27.08.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207476

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 27-августу № 474-б Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 10-декабрындагы № 632 "Кыргыз Республикасынын "ЭЛТР - коомдук телекөрсөтүү" телерадиоберүү компаниясы жөнүндө" Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын "ЭЛТР - коомдук телекөрсөтүү" телерадиоберүү компаниясынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын "ЭЛТР - коомдук телекөрсөтүү" телерадиоберүү компаниясына өз каражатынын эсебинен, кызматтык пайдалануу үчүн 3 даана автоунаа сатып алууга уруксат берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын "ЭЛТР - коомдук телекөрсөтүү" телерадиоберүү компаниясы автоунаа каражаттарын сатып алууну Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
