# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 446-б (Автомашина сатып алуу тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 446-б (Автомашина сатып алуу тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 453-р
- Кабыл алынган күнү: 14.08.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.08.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207459>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7829/edition/513267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207459.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.08.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 446-б (Автомашина сатып алуу тууралуу) буйругу (14.08.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207459

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 14-августу № 446-б Жалал-Абад облусундагы "Ак-Жол" үй-бүлө, "тобокелчилик тобундагы" балдардын жана мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын комплекстүү борборунун материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында:

1. Жалал-Абад облусундагы "Ак-Жол" үй-бүлө, "тобокелчилик тобундагы" балдардын жана мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын комплекстүү борборуна кызматтык максатта пайдалануу үчүн автомашина сатып алууга уруксат берилсин.

2. Автомашинаны сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
