# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-августундагы № 424-б (Боинг-737-200 аба кемеси менен 2008-жылдын 24-августунда болгон жана адам курмандыктарына алып келген авиациялык кырсыктын фактысын изилдөө максатында өкмөттүк комиссия түзүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-августундагы № 424-б (Боинг-737-200 аба кемеси менен 2008-жылдын 24-августунда болгон жана адам курмандыктарына алып келген авиациялык кырсыктын фактысын изилдөө максатында өкмөттүк комиссия түзүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 424-р
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207448>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7818/edition/1177973/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207448.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-августундагы № 424-б (Боинг-737-200 аба кемеси менен 2008-жылдын 24-августунда болгон жана адам курмандыктарына алып келген авиациялык кырсыктын фактысын изилдөө максатында өкмөттүк комиссия түзүү тууралуу) буйругу (11.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207448

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 24-августу № 424-б (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 3-сентябрындагы № 443-б буйругунун редакциясына ылайык) Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында "Assema№ Air" (Иран) авиакомпаниясынын ("Итэк Эйр" авиакомпаниясынан ижарага алынган) каттоо номери ЕХ-009, Боинг-737-200 аба кемеси менен 2008-жылдын 24-августунда болгон жана адам курмандыктарына алып келген авиациялык кырсыктын фактысын изилдөө максатында:

1. Төмөнкүдөй курамда Өкмөттүк комиссия түзүлсүн:

Чудинов И.В. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, комиссиянын төрагасы; Ташиев М.Ч. - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри, комиссиянын төрагасынын орун басары; Сулайманов Н.Ч. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри, комиссиянын төрагасынын орун басары.

Комиссия мүчөлөрү:

Мамбетов М.А. - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; Карабаев Э.Ө. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; Конгантиев М.Т. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; Суталинов М.А. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы; Ормонов У.З. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнөр жай, соода, туризм, чакан, орто бизнести өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 3-сентябрындагы № 443-б буйругунун редакциясына ылайык)

2. Боинг-737-200 аба кемеси менен болгон авиациялык кырсыкты териштирүү боюнча Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин 2008-жылдын 26-августундагы N 280 буйругу менен дайындалган комиссия ушул буйрук менен түзүлгөн Өкмөттүк комиссиянын жумушчу органы болуп санала тургандыгы белгиленсин.

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 3-сентябрындагы № 443-б буйругунун редакциясына ылайык)

3. Өкмөттүк комиссия он күндүк мөөнөттө авиациялык кырсыктын фактысын изилдөөнүн натыйжаларын берсин.

Премьер-министр

И.Чудинов
