# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 413-б (Кызматтык автомашинаны сатуу жана автомашина сатып алуу тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 413-б (Кызматтык автомашинаны сатуу жана автомашина сатып алуу тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 413-р
- Кабыл алынган күнү: 16.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.08.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207440>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7810/edition/512444/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207440.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.08.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 413-б (Кызматтык автомашинаны сатуу жана автомашина сатып алуу тууралуу) буйругу (16.08.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207440

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 16-августу № 413-б Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатордун кайрылуусун эске алып, Жалал-Абад облусунун Аксы райондук социалдык коргоо башкармалыгынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында:

1. Жалал-Абад облусунун Аксы райондук социалдык коргоо башкармалыгына белгиленген тартипте төмөнкүлөргө уруксат берилсин:

- 1991-жылы чыккан, кузов № 2679021, кыймылдаткыч № 5827297 "ВАЗ-21063" маркасындагы кызматтык автомашинаны сатууга;

- аталган автомашинаны сатуудан түшкөн каражаттардын жана Жалал-Абад облусунун Аксы райондук социалдык коргоо башкармалыгынын чыгымдарынын сметасында каралган каражаттардын эсебинен кызматтык максатта пайдалануу үчүн бир автомашина сатып алууга.

2. Автомашина сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын министрликтеринде, мамлекеттик комитеттеринде, администрациялык ведомстволорунда жана аткаруу бийлигинин башка органдарында кызматтык жеңил автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 137 токтомуна ылайык жүргүзүлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
