# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-августундагы № 401-б ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына белгиленген тартипте өткөрүп берүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-августундагы № 401-б ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына белгиленген тартипте өткөрүп берүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 401-р
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207431>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7801/edition/512426/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207431.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-августундагы № 401-б ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына белгиленген тартипте өткөрүп берүү боюнча) буйругу (04.08.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207431

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 4-августу № 401-б "Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 139 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобого ылайык, мамлекеттик менчикти натыйжалуу башкаруу, жаштарды өнүктүрүү үчүн шарт түзүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети "Кант цемент заводу" ачык акционердик коомунун балансынан Чүй облусу, Ысык-Ата району, Кант шаары, 3-кичи район дареги боюнча жайгашкан дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
