# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-июлундагы № 398-б (Автомашинаны эсептен чыгаруу тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-июлундагы № 398-б (Автомашинаны эсептен чыгаруу тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 398-р
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207429>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7799/edition/512422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207429.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-июлундагы № 398-б (Автомашинаны эсептен чыгаруу тууралуу) буйругу (31.07.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207429

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 31-июлу № 398-б

1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Эларалык стратегиялык изилдөөлөр институтуна белгиленген тартипте төмөнкүлөргө уруксат берилсин:

- 1996-жылы чыккан, кыймылдаткыч номери 25169747, кузов номери KLAEM13W11B085608 "Дэу принц" маркасындагы андан ары эксплуатациялоого жараксыз болуп калган автомашинаны эсептен чыгарууга;

- жарактуу түйүндөрдү жана агрегаттарды андан ары пайдалануу үчүн кампага кириштөөгө, ал эми башка бөлүктөрүн металл сыныктарына тапшырууга;

- металл сыныктарын тапшыруудан түшкөн акча каражаттарын республикалык бюджеттин кирешесине которууга.

2. Кызматтык автотранспортту эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2002-жылдын 8-октябрындагы № 285/б буйругу менен бекитилген (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2002-жылдын 28-ноябрында катталган. Катталган номери 151-02) Бюджеттик мекемелерде, уюмдарда негизги каражаттарга таандык жараксыз абалга келген имараттарды, курулмаларды, машиналарды, жабдууларды, транспорт каражаттарын жана башка мүлктү эсептен чыгаруунун тартиби жөнүндөгү нускамага ылайык жүргүзүлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
