# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-июлундагы № 376-б ("CASAREM" долбоорунун Өкмөттөр аралык кеңешинин комиссиясынын кыргыз бөлүгү жана "CASAREM" долбоорунун эксперттери менен иштөө жумушчу топ түзүлүүсү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-июлундагы № 376-б ("CASAREM" долбоорунун Өкмөттөр аралык кеңешинин комиссиясынын кыргыз бөлүгү жана "CASAREM" долбоорунун эксперттери менен иштөө жумушчу топ түзүлүүсү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 376-р
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.10.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207416>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7786/edition/526621/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207416.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.10.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-июлундагы № 376-б ("CASAREM" долбоорунун Өкмөттөр аралык кеңешинин комиссиясынын кыргыз бөлүгү жана "CASAREM" долбоорунун эксперттери менен иштөө жумушчу топ түзүлүүсү тууралуу) буйругу (24.10.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207416

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-октябрындагы № 500-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 22-июлу № 376-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-мартындагы № 100-б буйругу менен түзүлгөн "САSА-1000" долбоорунун комиссиясынын кыргыз бөлүгүн техникалык жактан колдоону камсыз кылуу максатында:

1. "CASAREM" долбоорунун Өкмөттөр аралык кеңешинин комиссиясынын кыргыз бөлүгү жана "CASAREM" долбоорунун эксперттери менен иштөө үчүн төмөнкүдөй курамда жумушчу топ түзүлсүн:

Түмөнбаев А.Р. - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси; Азыков Б.Б. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигининреалдуу секторду каржылоо саясаты башкармалыгынын начальниги; Ахматов С.М. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин жардамдашуу стратегиясы башкармалыгынын начальниги; Иминов П.Т. - "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); Искаков Э.Б. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин укуктук экспертиза башкармалыгынын начальниги; Калиев А.Р. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнүн эксперти; Муканбетов А.М. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин стратегиялык объекттерди өнүктүрүү жана менчиктештирүү башкармалыгынын начальниги; Норузбаев К.М. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик экологиялык экспертиза бөлүмүнүн начальниги; Попов Л.Г. - "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун капиталдык курулуш жана келечектүү өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги; Сарыбаева Ж.С. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин эл аралык уюмдар бөлүмүнүн башчысы.

2. Жумушчу тобу "САSА-1000" долбоору боюнча энергетика секторунун потенциалын жакшыртуу жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө техникалык колдоону ишке ашыруучу эксперттердин тобуна көмөк көрсөтсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
