# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-июлу № 375-б (СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Асанкан Жумахматовдун сөөгүн коюуну уюштуруу боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-июлу № 375-б (СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Асанкан Жумахматовдун сөөгүн коюуну уюштуруу боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 375-р
- Кабыл алынган күнү: 21.07.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207415>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7785/edition/1177793/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207415.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-июлу № 375-б (СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Асанкан Жумахматовдун сөөгүн коюуну уюштуруу боюнча) буйругу (11.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207415

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 21-июлу № 375-б (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-августундагы № 433-б, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т буйруктарынын редакцияларына ылайык)

СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Асанкан Жумахматовдун сөөгүн коюуну уюштуруу максатында:

1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)

2. Төмөнкүлөр аныкталсын:

- жарандык аза күтүү расымы өткөрүлүүчү жер - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры, 2008-жылдын 23-июлунда саат 10:00до;

- сөөк коюлуучу жер - Бишкек шаарындагы Ала-Арча көрүстөнү.

3. А.Жумахматовдун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 100000 (жүз миң) сом бөлүнсүн. 100000 (жүз миң) сом бөлүп берүү 2009-жылы жүргүзүлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-августундагы № 433-б буйругунун редакциясына ылайык)

Премьер-министр

И.Чудинов
