# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-июлундагы № 350-б (Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигине Техникалык кызматташуунун Германиялык коомунан (GТZ) акысыз (техникалык) жардам катары кабыл алуу тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-июлундагы № 350-б (Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигине Техникалык кызматташуунун Германиялык коомунан (GТZ) акысыз (техникалык) жардам катары кабыл алуу тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 350-р
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207405>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7775/edition/512374/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207405.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-июлундагы № 350-б (Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигине Техникалык кызматташуунун Германиялык коомунан (GТZ) акысыз (техникалык) жардам катары кабыл алуу тууралуу) буйругу (10.07.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207405

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 10-июлу № 350-б "Кыргыз Республикасынын министрликтеринде, мамлекеттик комитеттеринде, администрациялык ведомстволорунда жана аткаруу бийлигинин башка органдарында кызматтык жеңил автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 137 токтомуна ылайык, ишкердик субъектилерин негизсиз текшерүүлөрдүн санын кыскартуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигине Техникалык кызматташуунун Германиялык коомунан (GТZ) акысыз (техникалык) жардам катары төмөнкүлөрдү кабыл алууга уруксат берилсин:

- 2003-жылы чыккан, кыймылдаткыч № ТD42167832, кузов № J№1TСSҮ61Z0535742 жеңил универсал "Ниссан-Патрол" маркасындагы автомашинаны;

- 2002-жылы чыккан, кыймылдаткыч № 7019730, кузов № ХТА21213021649642 жеңил универсал "ВАЗ-21213" маркасындагы автомашинаны.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
