# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 12-февралындагы № 30 "Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 12-февралындагы № 30 "Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 30
- Кабыл алынган күнү: 12.02.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20740>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1695/edition/712233/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20740.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 12-февралындагы № 30 "Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (12.02.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20740

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2016-жылдын 12-февралы № 30 Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 9-февралындагы № 72 буйругу менен Бишкек шаарынын мэри К.К.Кулматов, берген арызына ылайык, ээлеген кызматынан бошотулган. "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23, 24-беренелеринин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелеринин негизинде жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-декабрындагы № 191 токтому менен бекитилген "Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 2016-жылдын 27-февралына саат 10-00гө дайындалсын.

2. Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.

Төрага

Т. Абдраимов
