# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-январындагы № 11-б (Ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-январындагы № 11-б (Ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 11-р
- Кабыл алынган күнү: 15.01.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207398>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7768/edition/518537/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207398.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-январындагы № 11-б (Ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизүү боюнча) буйругу (11.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207398

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 15-январы № 11-б (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы № 439-б, 2010-жылдын 12-мартындагы № 81-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)

1. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы № 439-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)

2. (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-мартындагы № 81-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-сентябрындагы № 473-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

аталган буйрук менен түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топтун курамында (1-пункт): жумушчу топтун курамына Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы А.Ж.Салянова киргизилсин;

- жумушчу топтун курамынан Б.Ж.Бекиев чыгарылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 500-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

аталган буйрук менен түзүлгөн "Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата мамлекеттик бийлик органдарынан жана башка уюмдардан келип түшкөн сын-пикирлерди жана сунуштарды кароо боюнча жумушчу топтун курамында (1-пункт):

- жумушчу топтун курамына Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы А.Ж.Салянова киргизилсин;

- жумушчу топтун курамынан Б.Ж.Бекиев чыгарылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2008-жылдын 22-мартындагы № 160 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- аталган буйрук менен түзүлгөн жумушчу топтун курамынан (1-пункт) Б.Ж.Бекиев чыгарылсын.

6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-апрелиндеги № 78-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-апрелиндеги № 142-б буйругу.

Премьер-министр

И.Чудинов
