Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын коомдук жана мамлекеттик ишмери Железнов Александр Никитовичтин сөөгүн коюуну уюштуруу үчүн комиссия түзүлүшү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 9-январы № 2-б Кыргыз Республикасынын коомдук жана мамлекеттик ишмери Железнов Александр Никитовичтин сөөгүн коюуну уюштуруу үчүн:
1. Төмөнкүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
Жапаров А.Ө. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри, комиссиянын төрагасы; Бектеналиев М.А. - Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин статс-катчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары; комиссия мүчөлөрү: Байло Н.И. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Рахманов П.П. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Тарбинский О.С. - Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри; Перфильев Б.В. - Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасын президенти (макулдашуу боюнча); Сооронбаев Т.М. - тууганы (макулдашуу боюнча); Жусупов К.К. - тууганы (макулдашуу боюнча); Кудабаева Ш.И. - эмгек ардагери (макулдашуу боюнча); Корнеев В.С. - эмгек ардагери (макулдашуу боюнча); Гриненко В.Г. - эмгек ардагери (макулдашуу боюнча).
2. А.Железновдун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 100000 (жүз миң) сом бөлүнсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.