# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-декабры № 712-б (Кредит жоюлгандыгын кеңүлгө алуу боюнча) буйруг

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-декабры № 712-б (Кредит жоюлгандыгын кеңүлгө алуу боюнча) буйруг
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 712-р
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207392>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7762/edition/518396/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207392.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-декабры № 712-б (Кредит жоюлгандыгын кеңүлгө алуу боюнча) буйруг (31.12.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207392

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 31-декабры № 712-б Бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында, «Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы жана Канададагы элчилигинин имаратын сатуу жана Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы жана Канададагы элчилигинин офисин жайгаштыруу үчүн Вашингтон шаарында кыймылсыз мүлк жана Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы жана Канададагы элчисинин резиденциясы үчүн турак жай имаратын сатып алуу женүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 8-сентябрындагы №°408-токтомунун 6-пунктунда каралган кредит жоюлгандыгын кеңүлгө алуу менен:

1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы жана Канададагы элчисинин резиденциясы үчүн Вашингтон шаарында турак жай имаратын сатып алууга Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы жана Канададагы элчилиги алган банктык кредитти мөөнөтүнө чейин жоюуга уруксат берилсин.

2. 529000 (беш жүз жыйырма тогуз миң) АКШ доллары суммасындагы кредитти мөөнөтүнө чейин жоюу жол-жобосу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөдөгү мекемелеринин атайын каражаттарын 2008-2009-жылдары кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен төлөнсүн. Банктык кредиттин негизги суммасын жоюу күнүнө карата проценттер боюнча акы төлөө Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы жана Канададагы элчилигинин атайын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлсүн.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Тышкы министрилигне жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
