Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кредит жоюлгандыгын кеңүлгө алуу боюнча) буйруг
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 31-декабры № 712-б Бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында, «Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы жана Канададагы элчилигинин имаратын сатуу жана Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы жана Канададагы элчилигинин офисин жайгаштыруу үчүн Вашингтон шаарында кыймылсыз мүлк жана Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы жана Канададагы элчисинин резиденциясы үчүн турак жай имаратын сатып алуу женүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 8-сентябрындагы №°408-токтомунун 6-пунктунда каралган кредит жоюлгандыгын кеңүлгө алуу менен:
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы жана Канададагы элчисинин резиденциясы үчүн Вашингтон шаарында турак жай имаратын сатып алууга Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы жана Канададагы элчилиги алган банктык кредитти мөөнөтүнө чейин жоюуга уруксат берилсин.
2. 529000 (беш жүз жыйырма тогуз миң) АКШ доллары суммасындагы кредитти мөөнөтүнө чейин жоюу жол-жобосу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөдөгү мекемелеринин атайын каражаттарын 2008-2009-жылдары кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен төлөнсүн. Банктык кредиттин негизги суммасын жоюу күнүнө карата проценттер боюнча акы төлөө Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы жана Канададагы элчилигинин атайын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Тышкы министрилигне жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.