КР Өкмөтүнүн (Буудайды сатып алуу боюнча) буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 31-декабры № 710-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-июлундагы 415 «Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана макроэкономикалык кырдаалды турукташтыруу жана экономикалык өсүштүн темпин сактоо боюнча чаралар жөнүндө» токтомунун 13-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду мыйзамда белгиленген тартипте бир айлык мөөнөттүн ичинде өлкөнүн ички рыногунан ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдөн ГОСТтун талаптарына жооп берген, сапаты боюнча 3-класстан төмөн эмес 20 ООО (жыйрма миң тонна) аштык буудайды мамлекеттик резервге коюу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик белгилеген баада сатып алсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн аштык буудайга бааны апталык мөөнөттүн ичинде белгилесин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- аштык буудай сатып алууну мамлекеттик материалдык резервден брондон чыгарылган товардык-материалдык баалуулуктарды сатуудан түшкөн каражаттардын эсебинен каржыласын;
- "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өмөтүнө киргизсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жана агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралууЗакон · 28.07.2008 · № 180
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-июлундагы № 415 "Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары…Постановление · 31.07.2008 · № 415 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндөЗакон · 17.03.2008 · № 23