# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-декабрындагы № 707-б (Финансылык жардам көрсөтүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-декабрындагы № 707-б (Финансылык жардам көрсөтүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 707-р
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.08.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207387>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7757/edition/518423/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207387.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-декабрындагы № 707-б (Финансылык жардам көрсөтүү боюнча) буйругу (10.08.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207387

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 31-декабры № 707-б (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-августундагы № 433-б буйругунун редакциясына ылайык)

Социалдык-экономикалык проблемаларды чечүүдө финансылык жардам көрсөтүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан бөлүнсүн:

- Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Таш айыл округунун айыл өкмөтүнө 200000 (эки жүз миң) сом Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Таш айыл округунун Барак айылындагы (анклавындагы) артезиан скважинасын ремонттоо үчүн;

- Нарын облусунун Нарын шаарынын мэриясына 638000 (алты жүз отуз сегиз миң) сом Нарын шаарынын муниципалдык троллейбус жол пайдалануу өндүрүштүк бөлүмүнүн карызын жоюуга;

- "Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Токмок окуу өндүрүштүк ишканасы" жоопкерчилиги чектелген коомуна 327000 (үч жүз жыйырма жети миң) сом шифер сатып алуу үчүн.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Бул буйрук 2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-августундагы № 433-б буйругунун редакциясына ылайык)

Премьер-министр

И.Чудинов
