# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 18-декабрындагы № 659-б (А.Ж.Саляновага жана Т.Т.Кыдыровга ишеним кат берүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 18-декабрындагы № 659-б (А.Ж.Саляновага жана Т.Т.Кыдыровга ишеним кат берүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 659-р
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.12.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207356>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7726/edition/511302/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207356.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 18-декабрындагы № 659-б (А.Ж.Саляновага жана Т.Т.Кыдыровга ишеним кат берүү боюнча) буйругу (18.12.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207356

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 18-декабры № 659-б

1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы А.Ж.Салянова, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Т.Т.Кыдыров жаран М.М.Иванованын Бирге алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү Америка Кошмо Штаттарынын Элчилигинин 2001-жылдын 4-декабрындагы № 542 нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2001-жылдын 4-декабрындагы № 011-22/1623 жооп нотасынын 4, 9, 11-абзацтарын конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-статьясынын 1-пунктуна, 7-статьясына, 12-статьясынын 1 жана 2-пункттарына, 13-статьясынын 1-пунктуна, 14-статьясынын 1 жана 2-пункттарына, 18-статьясынын 1-пунктуна, 21-статьясынын 4-пунктуна каршы келет деп табуу жөнүндө суранычы боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун заседаниелеринде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы Салянова Аида Жеңишбековнага, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Кыдыров Таалайбек Тургумбаевичке ишеним кат берилсин.

Премьер-министр

И.Чудинов
