# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-ноябрындагы № 617-б (Тигүү жабдууларын өткөрүп берүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-ноябрындагы № 617-б (Тигүү жабдууларын өткөрүп берүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 617-р
- Кабыл алынган күнү: 26.11.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.11.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207333>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7703/edition/511259/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207333.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.11.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-ноябрындагы № 617-б (Тигүү жабдууларын өткөрүп берүү боюнча) буйругу (26.11.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207333

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 26-ноябры № 617-б Соттолгондорду иш менен камсыз кылуу максатында, "2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын пенитенциардык системасын реформалоонун "Үмүт" улуттук программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-мартындагы № 149 токтому менен бекитилген 2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын пенитенциардык системасын реформалоонун "Үмүт" улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу чегинде:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду "Келечек" акционердик коомунун карызын жоюу эсебине кабыл алынган, тиркемеге ылайык 2153825,44 (эки миллион бир жүз элүү үч миң сегиз жүз жыйырма беш сом кырк төрт тыйын) өлчөмүндөгү тигүү жабдууларын кайтарылбас негизде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын № 2 мекемесинин балансына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2008-жылдын аягына карата 2153825,44 (эки миллион бир жүз элүү үч миң сегиз жүз жыйырма беш сом кырк төрт тыйын) өлчөмүндөгү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун пайдаланылбаган атайын каражаттарынын эсебинен мамлекеттик заемдук каражаттар боюнча карыздарды жоюуну жүргүзсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги өткөрүп берилүүчү тигүү жабдууларын натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылсын.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-ноябрындагы № 617-б токтомуна тиркеме

Тигүү жабдууларынын

ТИЗМЕСИ

| № | Аталышы | Бирдиктердин саны |
| --- | --- | --- |
| 1 | Жакалардын жана жең учтарынын бөлүктөрүн кайталап жасоо үчүн ныктооч | 1 |
| 2 | Жакаларды жана жең учтарын үтүктөө үчүн ныктооч | 1 |
| 3 | Эки жип менен туташ кайып тигүүчү төрт ийнелүү тигүү машинасы | 1 |
| 4 | Сайма саюу үчүн бир бөрктүү автомат | 1 |
| 5 | Эки жип менен чөлмөктүү кайып тигүүчү топчулук тордоочу автомат | 1 |
| 6 | Чөлмөктүү кайып тигүүчү эки ийнелүү машина | 1 |
| 7 | Көрүнбөгөн тигиш салуучу бир жиптүү машина | 1 |
| 8 | Кош чөлмөктүү кайып тигүүчү эки ийнелүү машина | 1 |

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов
