# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-ноябрындагы № 614-б (Мамбеталиевага Ж.Ж. и Тойчубековго Ю.Ж ишеним кат берүү боюча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-ноябрындагы № 614-б (Мамбеталиевага Ж.Ж. и Тойчубековго Ю.Ж ишеним кат берүү боюча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 614-р
- Кабыл алынган күнү: 24.11.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.11.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207330>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7700/edition/531731/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207330.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.11.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-ноябрындагы № 614-б (Мамбеталиевага Ж.Ж. и Тойчубековго Ю.Ж ишеним кат берүү боюча) буйругу (24.11.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207330

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 24-ноябры № 614-б

1. Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары Ж.Ж.Мамбеталиева, Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын төрагасы Ю.Ж.Тойчубеков "Олимпиялык кыймылга көмөк көрсөтүүчү эл аралык фонд" жоопкерчилиги чектелген коомунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 15-сентябрындагы № 437 "Кыргыз Республикасында лотереяларды өткөрүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында лотереяларды өткөрүү жөнүндө жобонун 94, 95, 96, 97, 98, 99, 100, 101-пункттары конституцияга туура келбейт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-статьясынын 3-пунктуна, 4-статьясынын 2-пунктуна, 11-статьясынын 3-пунктуна, 14-статьясынын 3-пунктуна, 22 жана 73-статьяларына ылайык эмес деп табуу жөнүндө сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун отурумдарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болууга дайындалышсын.

2. Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевнага, Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын төрагасы Ю.Ж.Тойчубековго ишеним кат берилсин.

Премьер-министр

И.Чудинов
