# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-ноябрындагы № 612-б (Мамлекеттик материалдык резервди толуруу үчүн дизель отунунун сатып алуу боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-ноябрындагы № 612-б (Мамлекеттик материалдык резервди толуруу үчүн дизель отунунун сатып алуу боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 612-р
- Кабыл алынган күнү: 24.11.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.11.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207328>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7698/edition/511253/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207328.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.11.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-ноябрындагы № 612-б (Мамлекеттик материалдык резервди толуруу үчүн дизель отунунун сатып алуу боюнча) буйругу (24.11.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207328

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 24-ноябры № 612-б "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" жана "Талаачылык иштерин жүргүзүү үчүн айыл жериндеги товар өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, айыл чарба иштерин жүргүзүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөргө өз учурунда колдоо көрсөтүү үчүн дизель отунунун запастарын түзүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду "2009-жылдын түшүмү үчүн кылкандуу дан өсүмдүктөрдү күздүк себүүнү уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-августундагы № 446 токтомуна ылайык сатып алынган дизель отунун сатуудан түшкөн каражаттарды дизель отунун белгиленген тартипте кийин сатып алуу үчүн мамлекеттик материалдык резервди толтуруу үчүн атайын эсепке жиберүүгө уруксат берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп чыгууда республикалык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүндө ушул буйруктун 1-пунктунда аталган каражаттарды эске алсын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
