# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 588-б (Ведомстволор аралык комиссия түзүлү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 588-б (Ведомстволор аралык комиссия түзүлү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 588-р
- Кабыл алынган күнү: 13.11.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.04.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207313>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7683/edition/531714/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207313.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.04.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 588-б (Ведомстволор аралык комиссия түзүлү боюнча) буйругу (20.04.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207313

---

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-апрелиндеги № 171-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 13-ноябры № 588-б Эт азыктары базарындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча маселелерди изилдөө жана 2009-жылдын жаз мезгилинде эт азыктарына баалардын өсүшүн болтурбоо боюнча сунуштарды даярдоо максатында:

1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри, комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын финансы министри, комиссиянын төрагасынын орун басары.

Комиссия мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри; Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын төрагасы; Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор; Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор; Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор; Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор; Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор; Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор; Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор.

2. Ведомстволор аралык комиссия 10 күндүк мөөнөттө эт азыктары базарындагы кырдаалды жөнгө салуу жана 2009-жылдын жаз мезгилинде эт азыктарына баалардын өсүшүн болтурбоо боюнча маселелерди изилдесин жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна сунуш киргизсин.

3. Ведомстволор аралык комиссия зарыл болгон учурда комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен жумушчу топторду түзүүгө жана белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун адистерин тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.

4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштурууну камсыздоо Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине жүктөлсүн.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
