# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-июлундагы № 344-б (Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раундуна катышуу үчүн делегациясы жиберилсин) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-июлундагы № 344-б (Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раундуна катышуу үчүн делегациясы жиберилсин) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 344-р
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.07.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207299>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7669/edition/511412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207299.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.07.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-июлундагы № 344-б (Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раундуна катышуу үчүн делегациясы жиберилсин) буйругу (09.07.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207299

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 9-июлу № 344-б Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раундуна катышуу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясы 2008-жылдын 15-19-июлунда Наманган шаарына (Өзбекстан Республикасы) тиркемеге ылайык курамда жиберилсин.

2. Делегация мүчөлөрүнүн барышына байланыштуу чыгымдар "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-октябрындагы № 635 токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-июлундагы № 344-б буйругуна тиркеме

Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда

мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн

кезектеги раундуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын

Өкмөттүк делегациясынын

КУРАМЫ

Аламанов С.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн башчысы, делегациянын жетекчиси; Турусбеков Ч.К. - Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары; Цурков В.Е. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директору; Касымов Ч.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору; Асаналиев Э.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси; Искандаров К.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн эксперти; Бүргөев Б.Б. - Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары; Курбанов Ж.К. - Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары; Мадалиев А.М. - Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары; Миңбаев А.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин биринчи секретары; Түнгатаров Б. - Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинин биринчи секретары; Сүйөркулов З.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директорунун орун басары; Юсупов Б.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түштүк регион боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү; Жоробаев Ж.С. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери; Дисковский В.Л. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча бөлүмүнүн начальниги; Шабданбеков Т.К.- Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын улук офицери; Ботобаев К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун түштүк регион боюнча мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальниги; Жайлообаев А.Ш. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Суу чарба департаментинин суу пайдалануу жана мамлекеттер аралык суу пайдалануу бөлүмүнүн начальниги; Боронбеков З.Б. - жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Аксы райондук башкармалыгынын начальниги; Мырзаев А.А. - жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Ала-Бука райондук башкармалыгынын начальниги; Чоңмурунов А. - жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Араван райондук башкармалыгынын начальниги; Эргешов А. - жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Баткен райондук башкармалыгынын начальниги; Сиддиков Д.А. - жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Кадамжай райондук башкармалыгынын начальниги; Санников В.П. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын мамлекеттик чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча бөлүмүнүн делимитациялоо маселелери боюнча жетектөөчү адиси.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр

М.Исмаилов
