Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раундуна катышуу үчүн делегациясы жиберилсин) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 9-июлу № 344-б Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раундуна катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясы 2008-жылдын 15-19-июлунда Наманган шаарына (Өзбекстан Республикасы) тиркемеге ылайык курамда жиберилсин.
2. Делегация мүчөлөрүнүн барышына байланыштуу чыгымдар "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-октябрындагы № 635 токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-июлундагы № 344-б буйругуна тиркеме
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда
мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн
кезектеги раундуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын
Өкмөттүк делегациясынын
КУРАМЫ
Аламанов С.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн башчысы, делегациянын жетекчиси; Турусбеков Ч.К. - Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары; Цурков В.Е. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директору; Касымов Ч.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору; Асаналиев Э.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси; Искандаров К.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн эксперти; Бүргөев Б.Б. - Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары; Курбанов Ж.К. - Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары; Мадалиев А.М. - Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары; Миңбаев А.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин биринчи секретары; Түнгатаров Б. - Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинин биринчи секретары; Сүйөркулов З.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директорунун орун басары; Юсупов Б.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түштүк регион боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү; Жоробаев Ж.С. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери; Дисковский В.Л. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча бөлүмүнүн начальниги; Шабданбеков Т.К.- Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын улук офицери; Ботобаев К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун түштүк регион боюнча мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальниги; Жайлообаев А.Ш. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Суу чарба департаментинин суу пайдалануу жана мамлекеттер аралык суу пайдалануу бөлүмүнүн начальниги; Боронбеков З.Б. - жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Аксы райондук башкармалыгынын начальниги; Мырзаев А.А. - жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Ала-Бука райондук башкармалыгынын начальниги; Чоңмурунов А. - жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Араван райондук башкармалыгынын начальниги; Эргешов А. - жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Баткен райондук башкармалыгынын начальниги; Сиддиков Д.А. - жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Кадамжай райондук башкармалыгынын начальниги; Санников В.П. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын мамлекеттик чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча бөлүмүнүн делимитациялоо маселелери боюнча жетектөөчү адиси.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр
М.Исмаилов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Командировкалык чыгымдардын нормаларын жана аларды кайтаруу тартибин белгилөө жөнүндөПостановление · 12.10.2001 · № 635 · Күчүн жоготкон