# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-июлундагы № 343-б (Кыргыз Республикасында темир жол транспортун андан ары өнүктүрүү максатында, ошондой эле темир жол магистралын курууга инвестицияларды тартууда финансылык кепилдик катары кызмат кыла турган пайдалуу кендердин тизмесин аныктоо боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-июлундагы № 343-б (Кыргыз Республикасында темир жол транспортун андан ары өнүктүрүү максатында, ошондой эле темир жол магистралын курууга инвестицияларды тартууда финансылык кепилдик катары кызмат кыла турган пайдалуу кендердин тизмесин аныктоо боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 343-р
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207298>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7668/edition/531421/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207298.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-июлундагы № 343-б (Кыргыз Республикасында темир жол транспортун андан ары өнүктүрүү максатында, ошондой эле темир жол магистралын курууга инвестицияларды тартууда финансылык кепилдик катары кызмат кыла турган пайдалуу кендердин тизмесин аныктоо боюнча) буйругу (29.12.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207298

---

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-декабрындагы № 695-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 9-июлу № 343-б Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 14-февралындагы № 132 "Кыргыз Республикасында магистралдык жолдорду куруунун уюштуруу маселелери жөнүндө" Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-майындагы № 203 "Кыргыз Республикасында магистралдык жолдорду куруунун уюштуруу маселелери жөнүндө" токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасында темир жол транспортун андан ары өнүктүрүү максатында, ошондой эле темир жол магистралын курууга инвестицияларды тартууда финансылык кепилдик катары кызмат кыла турган пайдалуу кендердин тизмесин аныктоо үчүн:

1. Төмөнкүдөй курамда комиссия түзүлсүн:

Айдаралиев И.Р. - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы; Рысмендиев А.А. - "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору, комиссиянын төрагасынын орун басары;

комиссия мүчөлөрү:

Асангулов К.К. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Асанова Г.П. - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары; Абдыкеримов К.А. - "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын Магистралдык темир жолдорду долбоорлоо жана куруу башкармалыгынын начальниги; Бекиев Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; Жакыпов А.С. - "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун президенти (макулдашуу боюнча); Жумалиев К.Н. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнүн башчысы; Курманалиев К.З. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору.

2. Комиссия республикада магистралдык темир жолдорду курууга инвестицияларды тартуу үчүн финансылык кепилдик катары кызмат кыла турган пайдалуу кендердин тизмесин 10 күндүк мөөнөттө аныктасын.

3. Комиссияга анын иш процессинде келип чыгуучу маселелерди чечүү үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын адистерин, ишканалардын жана уюмдардын жетекчилерин зарыл учурларда ишке тартууга укук берилсин.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
