КР Өкмөтүнүн (Отундук мазутту сатып алуу тууралуу) буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 27-июну № 319-б Алдыдагы жылытуу сезонуна отундук мазутту өз убагында даярдоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Чегара кызматына "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясынын 2-пунктуна ылайык бир булактан алуу методу менен 600 тонна отундук мазутту "Кыргызмунайгаз" ачык акционердик коомунан сатып алууга уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул жылга чыгымдардын бекитилген сметасынын чегинде "Жылуулук энергиясы үчүн төлөм" 22 121 300-статьясы боюнча Кыргыз Республикасынын Чегара кызматын өз убагында каржыласын.
3. Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы ушул буйруктун 1-пунктунун аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат берсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 24.05.2004 · № 69 · Күчүн жоготкон