# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-июнундагы № 312-б (Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-москва биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамын бекитүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-июнундагы № 312-б (Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-москва биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамын бекитүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 312-р
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207281>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7651/edition/511375/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207281.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-июнундагы № 312-б (Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-москва биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамын бекитүү тууралуу) буйругу (27.06.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207281

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 27-июну № 312-б Москва шаарында (Россия Федерациясы) 2008-жылдын 2-4-июлунда болуучу Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-москва биргелешкен комиссиянын алтынчы заседаниесинин ишине катышуу үчүн:

1. Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-москва биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

Айдаралиев Искендер Рыспекович - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы; Филатов Андрей Васильевич - Бишкек шаарынын вице-мэри, комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Люлина Светлана Ивановна - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин Тышкы экономикалык саясат башкармалыгынын региондук кызматташтык бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын катчысы; Арстакеев Советбек Абдылдаевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай бөлүмүнүн башчысы; Асанова Гүлбарчын Пармановна - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары; Асанов Сапарбек Жекшебаевич - Кыргыз Республикасынын Жеңил өнөр жай иш-каналары ассоциациясынын директору (макулдашуу боюнча); Аттокуров Раимкул Арзимаматович - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси; Бектеналиев Мукталы Абдыбекович - Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин статс-катчысы; Боронбаев Майрамбек Мырзаканович - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин жардамчысы; Исаев Асеин Кусеинович - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин директору; Касиев Геннадий Фаридович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин курулуш комплекси бөлүмүнүн начальниги; Маматалиев Абдырахман Макадимович - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; Молдокадыров Айбек Асыранкулович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; Мураталиев Баимбет Молдалиевич - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары; Мырзабеков Эгемберди Биймырзаевич - "Кыргызстан" авиакомпаниясы" ачык акционердик коомунун президенти (макулдашуу боюнча); Суванов Эркин Абылкасымович - "Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасынын башкы директору; Сыдыкова Гүлмира Ракыевна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн эксперти.

2. Делегация мүчөлөрүнүн Москва шаарына баруусуна байланыштуу чыгымдар "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-октябрындагы № 635 токтомуна ылайык жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
