# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-июнундагы № 309-б ("Тегене" ташкөмүр кенинин "Тегене-шахта" участогун иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугун алууга "ЕРI Со Ltd" инвестициялык компаниясын конкурстун жеңүүчүсү деп табуу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-июнундагы № 309-б ("Тегене" ташкөмүр кенинин "Тегене-шахта" участогун иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугун алууга "ЕРI Со Ltd" инвестициялык компаниясын конкурстун жеңүүчүсү деп табуу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 309-р
- Кабыл алынган күнү: 25.06.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.06.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207279>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7649/edition/511371/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207279.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.06.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-июнундагы № 309-б ("Тегене" ташкөмүр кенинин "Тегене-шахта" участогун иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугун алууга "ЕРI Со Ltd" инвестициялык компаниясын конкурстун жеңүүчүсү деп табуу жөнүндө) буйругу (25.06.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207279

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 25-июну № 309-б "Тегене" ташкөмүр кенинин "Тегене-шахта" участогун өнөр жайлык иштетүүнү ишке ашыруу максатында:

1. "Тегене" ташкөмүр кенинин "Тегене-шахта" участогун иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугун алууга "ЕРI Со Ltd" инвестициялык компаниясын конкурстун жеңүүчүсү деп табуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-майындагы № 128-б буйругу менен түзүлгөн конкурстук комиссиянын чечими бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик жер казынасын пайдалануу укугу үчүн "ЕРI Со Ltd" инвестициялык компаниясы төлөм (бонус) төлөшүн кароо менен "ЕРI Со Ltd" инвестициялык компаниясы менен белгиленген тартипте лицензиялык макулдашуу түзсүн.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
