Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн («Тегене» ташкөмүр кенинин «Тегене-шахта» участогун иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугун алууга «ЕРI Со Ltd» инвестициялык компаниясын конкурстун жеңүүчүсү деп табуу жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 25-июну № 309-б "Тегене" ташкөмүр кенинин "Тегене-шахта" участогун өнөр жайлык иштетүүнү ишке ашыруу максатында:
1. "Тегене" ташкөмүр кенинин "Тегене-шахта" участогун иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугун алууга "ЕРI Со Ltd" инвестициялык компаниясын конкурстун жеңүүчүсү деп табуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-майындагы № 128-б буйругу менен түзүлгөн конкурстук комиссиянын чечими бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик жер казынасын пайдалануу укугу үчүн "ЕРI Со Ltd" инвестициялык компаниясы төлөм (бонус) төлөшүн кароо менен "ЕРI Со Ltd" инвестициялык компаниясы менен белгиленген тартипте лицензиялык макулдашуу түзсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.