# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-июнундагы № 306-б (Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташууну андан ары өнүктүрүү максатында, Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн 4-жарманкесине катышуу үчүн делегация жиберилүүсү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-июнундагы № 306-б (Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташууну андан ары өнүктүрүү максатында, Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн 4-жарманкесине катышуу үчүн делегация жиберилүүсү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 306-р
- Кабыл алынган күнү: 23.06.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207278>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7648/edition/511369/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207278.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-июнундагы № 306-б (Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташууну андан ары өнүктүрүү максатында, Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн 4-жарманкесине катышуу үчүн делегация жиберилүүсү боюнча) буйругу (23.06.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207278

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 23-июну № 306-б Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташууну андан ары өнүктүрүү максатында, Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн 4-жарманкесине катышуу үчүн:

1. Төмөнкү курамдагы делегация 2008-жылдын 28-июнунан 3-июлуна чейин Кашгар шаарына (Кытай Эл Республикасы) жиберилсин:

Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри, делегациянын жетекчиси; Баетов Б.И. - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин статс-катчысы; Сагынбаев Ж.К. - "Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасынын директору; Перфильев Б.В. - Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча); Маматалиев М.А. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министринин кеңешчиси; Эгембердиев А.Д. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Бишкек-Нарын-Торугарт авто жол башкармалыгынын башкы инженери.

2. Делегация мүчөлөрүнүн барып-келүүлөргө байланыштуу чыгымдары "Командировкалык чыгымдардын нормаларын жана аларды кайтаруу тартибин белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-октябрындагы № 635 токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен (жашоо жана тамактануу - чакыруучу тараптын эсебинен) төлөнсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
