# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 18-июну № 297-б (Кыргыз Республикасынын Аскердик прокуратурасынын натыйжалуу иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 18-июну № 297-б (Кыргыз Республикасынын Аскердик прокуратурасынын натыйжалуу иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 297-р
- Кабыл алынган күнү: 18.06.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.06.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207273>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7643/edition/511357/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207273.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 18-июну № 297-б (Кыргыз Республикасынын Аскердик прокуратурасынын натыйжалуу иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүү тууралуу) буйругу (18.06.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207273

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 18-июну № 297-б Кыргыз Республикасынын Аскердик прокуратурасынын натыйжалуу иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы Бишкек шаары, Жибек-Жолу көчөсү, 356 дареги боюнча жайгашкан имаратты Кыргыз Республикасынын Аскердик прокуратурасынын балансына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети ушул буйруктун 1 - пунктунда аталган имаратты кабыл алуу-өткөрүп берүүнү белгиленген тартипте жүргүзсүн.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
