# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 294-б (Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин Россия Федерациясынын Москва шаарында 2008-жылдын 19-22-июнда турган кезектеги заседаниесине катышуу үчүн өкмөттүк делегациясын түзүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 294-б (Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин Россия Федерациясынын Москва шаарында 2008-жылдын 19-22-июнда турган кезектеги заседаниесине катышуу үчүн өкмөттүк делегациясын түзүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 294-р
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.06.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207267>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7639/edition/510619/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207267.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.06.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 294-б (Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин Россия Федерациясынын Москва шаарында 2008-жылдын 19-22-июнда турган кезектеги заседаниесине катышуу үчүн өкмөттүк делегациясын түзүү жөнүндө) буйругу (17.06.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207267

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 13-июну № 294-б Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин Россия Федерациясынын Москва шаарында 2008-жылдын 19-22-июнда турган кезектеги заседаниесине катышуу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

Узакбаев Эмилбек Узакбаевич - КМШнын жана ЕврАзЭСтин алкагында интеграциялык кызматташтык маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү, делегациянын жетекчиси (макулдашуу боюнча), Ираимова Чолпон Ибраимовна - КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү, Аманова Сапия Жунаевна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн эксперти, ИбраимоваЧинара Искендеровна – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин интеграциялык бирикмелер жана тышкы байланыштар башкармалыгынын начальниги, Сыдыков Данияр Батырович – Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кеңешчиси.

2. КМШнын Экономикалык кеңешинин заседаниесине Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын катышуусуна байланыштуу чыгымдар «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-октябрындагы № 635 токтомуна ылайык жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
