# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 284-б (Автомашина сатып алуу тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 284-б (Автомашина сатып алуу тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 284-р
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207260>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7632/edition/510605/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207260.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 284-б (Автомашина сатып алуу тууралуу) буйругу (13.06.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207260

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 13-июну № 284-б

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине кызматтык максаттарга пайдаланууга Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджетинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги үчүн каралган каражаттардын эсебинен үч автомашина сатып алууга уруксат берилсин.

2. Автомашиналарды сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын министрликтеринде, мамлекеттик комитеттеринде, администрациялык ведомстволорунда жана аткаруу бийлигинин башка органдарында кызматтык жеңил автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 137 токтомуна ылайык жүргүзүлсүн.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
