# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 281-б (Ишкердик иш-аракетин жөнгө салуунун нормативдик укуктук базасын оптималдаштырууну жүргүзүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 281-б (Ишкердик иш-аракетин жөнгө салуунун нормативдик укуктук базасын оптималдаштырууну жүргүзүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 281-р
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.01.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207257>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7629/edition/517193/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207257.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 281-б (Ишкердик иш-аракетин жөнгө салуунун нормативдик укуктук базасын оптималдаштырууну жүргүзүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө) буйругу (12.01.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207257

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 13-июну № 281-б (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-январындагы № 3-б, 2009-жылдын 6-майындагы № 197-б 2009-жылдын 29-октябрындагы № 622-б, 2009-жылдын 15-декабрындагы № 681-б, 2010-жылдын 12-январындагы № 5-б буйруктарынын редакциясына ылайык)

"Ишкердик иш-аракетин жөнгө салуунун нормативдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-июлундагы № 344 "Кыргыз Республикасында уруксат берүү - жөнгө салуу системасын оптималдаштыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык:

1. Ишкердик иш-аракетин жөнгө салуунун нормативдик укуктук базасын оптималдаштырууну жүргүзүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.

3. Ведомстволор аралык комиссия белгиленген тартипте эки айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин:

- ишкердик иш-аракетин жөнгө салуунун нормативдик укуктук базасын оптималдаштырууну жүргүзүүнүн биринчи этабынын башталыш мөөнөтүн аныктоо боюнча сунушту;

- "Ишкердик иш-аракетин жөнгө салуунун нормативдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын долбоорун.

4. Аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ишкердик иш-аракетин жөнгө салуучу нормативдик укуктук актылар боюнча жөнгө салуу таасирлерин талдоо методикасынын негизинде негиздемени даярдоо жана кароо үчүн ишмердиктин тийиштүү тармактарын көрсөтүүчү бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрүн тартуу менен жумушчу топторду түзүшсүн.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо жана Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 281-б буйругуна тиркеме

Ишкердик иш-аракетин жөнгө салуунун нормативдик укуктук базасын оптималдаштырууну жүргүзүү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 681-б, 2010-жылдын 12-январындагы № 5-б буйругунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри - ЕврАзЭСтеги атайын өкүл, комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин Жетекчисинин орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Инвестициялык кеңештин Секретариатынын жетекчиси, комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин лицензиялык иштерди жөнгө салуу жана жөнгө салуучу таасирди талдоо башкармалыгынын начальниги, комиссиянын катчысы.

Комиссия мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин эксперттик кызматтын жетекчиси (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын уюштуруу жана контролдук иштер кызматынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана башка мамлекеттик органдар менен байланыш боюнча секторунун башчысы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Президентинин Секретариатынын Эксперттик-аналитикалык камсыз кылуу кызматынын мониторинг жана баалоо тобунун жетекчиси (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын администрациялык реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук колдоо бөлүмүнүн башчысы; Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы; Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргызстандын Ишкерлер союзунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); Кыргызстандын Рыноктор, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); Кыргызстандын Курулушчулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча); Менеджерлер ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); Кыргызстандын Банктар союзунун президенти (макулдашуу боюнча); Бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча ЮСАИД долбоорунун директору (макулдашуу боюнча).

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси

А.Карашев
