# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-июнундагы № 270-б (Автомашина сатып алууга тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-июнундагы № 270-б (Автомашина сатып алууга тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 270-р
- Кабыл алынган күнү: 06.06.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.06.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207249>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7621/edition/510580/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207249.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.06.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-июнундагы № 270-б (Автомашина сатып алууга тууралуу) буйругу (06.06.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207249

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 6-июну № 270-б Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэриясынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында жана "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 токтомуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэриясына белгиленген тартипте 2007-жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн ашыра аткаруудан түшкөн каражаттардын эсебинен кызматтык автомашина сатып алууга уруксат берилсин.

2. Кызматтык автомашина сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
